Өлеңдер сөздерi / текст песни
Айпери Кубик кызы - Айпери Кубик кызы - Сезим | Текст песни

23.06.2023
71
Айлана жымжырт, караңгы түн ортосу,
Таңдагы шыбырт, калп эле ойготпочу.
Уйку жок неге, сураймын бул эмне?
Сезимдер учат, убакыт токтотпочу.

Кайырма:
Алып учат неге, алыстарга мени
Алгалаган сезим шаштырат.
Ак куу болуп учкум келет айдай сулуу кезимде,
Асмандагы жылдыз болуш ал сезимде.
Жылдыз болуп учкум келет жакшынакай кезимде,
Жер жүзүндө адам болуш, ал эсимде.

Шаштырба сезим секелек кезим,
Шашпачы дедиң уксаңчы кебим.
Өзүмдөн өзүм өрт болуп жанам,
Шаркырап аккан шаштырган сезим.

Кайырма:
Алып учат неге, алыстарга мени
Алгалаган сезим шаштырат.
Ак куу болуп учкум келет айдай сулуу кезимде,
Асмандагы жылдыз болуш ал сезимде.
Жылдыз болуп учкум келет жакшынакай кезимде,
Жер жүзүндө адам болуш, ал эсимде.

Комментарии: